1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

152

ДУАЛДЫК ОКУТУУ-ТЕОРИЯ МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ

Англис тили жана адабияты кафедрасы тарабынан дуалдык окутуунун кезектеги этабы өткөрүлдү. Бул жолу иш-чара шаардагы №2-орто мектептин базасында уюштурулуп, ага студент-практиканттар жана мектептин англис тили мугалимдери катышышты. Дуалдык окутуунун негизги максаты – студенттерге чыныгы билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба топтоого, окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдык көрүүгө жардам берүү.Иш-чаранын жүрүшүндө англис тили мугалимдер сабак өтүү процессин демонстрациялап, окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу, тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана окутуунун интерактивдүү формаларын колдонуу боюнча практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Студенттер сабакка байкоо жүргүзүп, окутуунун  ыкмаларын талдап чыгышты. Сабактан кийин талкуу уюштурулуп, анда студенттер өз ойлорун билдиршти. №2-орто мектептин англис тили мугалимдери келечектеги мугалимдерге сабакты пландоо, убакытты туура бөлүштүрүү жана окуучулардын кызыгуусун арттыруу боюнча пайдалуу сунуштарын беришти.Бул иш-чара студенттер үчүн баалуу практикалык тажрыйба болуп, университет менен мектептин ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана билим берүү сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.