1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

109

 “Жасалма интеллект аркылуу котормо чеберчилигин өнүктүрүү” аталышындагы илимий-практикалык конференция

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары  улуу окутуучу Г.Ч.Алымкулова, окутуучу Н.А.Ташиева жана 1-2-курстардын студенттери илимий конференцияга катышышты. Конференция 2025-жылдын 30-сентябрда ОшМУнун филология жана маданият аралык байланыштар институтунун Америка таануу кафедрасы тарабынан уюштурулду. Иш-чара  “Жасалма интеллект аркылуу котормо чеберчилигин өнүктүрүү” аталышта болуп, катышуучулар  баяндама жасашты жана маанилүү маалыматтар менен кайтышты.