1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

130

Илимпоздорду бириктирген эл аралык симпозиум

2025-жылы 10-11-октябрь күндөрү  Бишкек шаарында Кыргызстан Эл аралык университети тарабынан уюштурулган аталган окуу жайдын профессору, филол.и.д. Зина Караевнанын 75-жылдык кутман курагына арналган дүйнө илимпоздорун бириктирген “Семиотика жана жашоо семиозиси” аттуу VII Эл аралык симпозиум болуп өттү. Аталган симпозиумга "Б.Осмонов атындагы ЖАМУ" илимий билим берүу комплексиндеги филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары филол.и.к., доценттин м.а Г.А.Орозбаева, улуу окутуучу Н.А.Жумабекова, улуу окутуучу Г.Ч.Алымкулова, окутуучу Н.А.Ташиева  аталган конференцияда өздөрүнүн илимий темаларынын негизинде  баяндама жасашып, маанилүү маалыматтар менен кайтышты.