1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

163

Дуалдык окутуу-адистерди даярдоодо заманбап ыкма

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында дуалдык окутуу өзгөчө мааниге ээ болуп, адистерди сапаттуу даярдоонун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ушул максатта англис тили жана адабияты кафедрасында да активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Насаатчы окутуучулар Гүлбара Жороева жана Насыйкат Арсланбекова бекитилген графикке ылайык ФББ (АТ)маг-1-24 тайпасынын магистранты Акмарал Эргешованын англис тили сабагына катышышты. Мындай насаатчылык жана кызматташтык тажрыйба алмашууга, окутуунун сапатын жогорулатууга жана келечектеги адистерди кесиптик жактан мыкты даярдоого өбөлгө түзөт.