1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

217

Англис тили жана адабияты кафедрасында жумуш ордунда окутуу

Англис тили жана адабияты кафедрасында 2025-26-окуу жылга практикалык иштер боюнча студент-практиканттарга жардам берүү максатта жумуш ордунда окутуунун графиги бекитилген. Бекитилген графикке ылайык, кафедранын окутуучусу А.А.Сопукулова шаардагы С.Давлетов атындагы №14-орто мектепте жумуш ордунда окутуу уюштурду. Жумуш ордунда окутууга кесиптик-профилдик практикага чыккан 4-курстун студенттери жана мектептин англис тили окутуучулары  катышышты.

А.А.Сопукулова 7-а класска “The Past Indefinite Tense” деген темада сабак өттү.Анда,  сабакка максат  коюу, натыйжага жеткирүүчү тапшырмаларды түзүү, баалоо критерийлерин иштеп чыгуу,рефлексия жасоо боюнча усулдар көрсөтүлдү.Соңунда студент-практиканттар менен чогу сабакка анализ жүргүзүлүп, студенттерге сунуштар айтылды.