1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

15

 Ата-энелер менен жолугушуу кечеси

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында  ЧТ-1-24 тайпасынын куратору Жумабекова Насиба  ата-энелер менен жолугушуу кечесин уюштурду. Бул жолугушуу окуу жайыбызда жаш муундарыбызга билим берүү иштеринде болуп жаткан жаңылануулар, жетишкендиктери жөнүндө жана уул-кыздарыбыздын ийгиликтери, жетишкендиктери жана келечекке болгон жаңы максаттары тууралуу жылуу баарлашуу ниетте уюштурулган. Ата-энелердин катышуусу окутуучулар үчүн  чоң кубаныч, студенттер үчүн зор сыймык болду. Анткени, ата-энелер бала баккан ыйык милдеттерин урматтоо менен жүрөктөрүн жылуулукка бөлөп студенттердин чыгармачылыгына, ыр-бийлерине, ыраазычылык сөздөрүнө күбө болуп кайтышты.