1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

19

“Ынтымак - коомдун байлыгы” аталышындагы көркөм-адабий кече

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында “Ынтымак - коомдун байлыгы” аталышында көркөм-адабий кече уюштурулду. Бул салттуу улуттук адеп-ахлак баалуулуктарын кайра жаратуу үчүн негиз катары студенттердин репродуктивдүү аң-сезимин, үй-бүлө курууга болгон мамилесин өнүктүрүү максатын көздөйт.  Иш-чараны Н.А. Жумабекова ЧТ-1-24 тайпасы менен уюштуруп, Н. Жумабекова “Ынтымактуу коомду курууда жаштардын ролу” деген темадагы баяндама жасады. Ынтымактуу коомду куруу – бул ар бир жаштын колунда жана жаштар билимдүү, активдүү, мекенчил жана биримдикке умтулган болсо, Кыргызстан сөзсүз гүлдөп өнүгөөрү жөнүндө айтылды.Тайпа студенттери кыргыз элинин акылмандыгын, тажрыйбасын жана дүйнөгө болгон көз карашын чагылдырып, макал-лакаптар элдин тилинде сакталып муундан муунга өтүп, улуттук баалуулуктарды жана салттарды бекемдеп, ошондой эле адамдарды туура жашоого, адептүүлүккө жана биримдикке үндөгөнүн сахналык көрүнүш, ыр-бий жана дил баяндары менен чагылдырып беришти.