Дуйнө тааныгың келсе англис тилин танда

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучулары Торомаматова Миргул Мыктарбековна жана Жороева Гулбара Анарбаевна 21-май күнү ЖАПКнын бүтүрүүчүлөрү менен профориентация жүргүзүү максатында жолугушууга барышты. Жолугушууда кесипти туура тандоого багыт берип, студенттерди билимин дагы жогорулатууга чакырышты. Ошондой эле ЖАМУнун айрыкча англис тилинин мүмкүнчүлүктөрүн жана өзгөчөлүктөрүн баса белгилеп, келечекте кесипти туура тандоодо адашпоого үндөштү.