Эртеңки ийгилик бүгүнкү тандоодон башталат

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Керимбердиева жана А.Мамбеталиева тарабынан ЖАМУнун Жалал-Абад педагогикалык колледжинин АТк-1-2-3-4-5-22 жана АТк-1-2-23 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү боюнча үгүт иштери жүргүзүлдү.
Кесипке багыт берүү иштеринин негизги максаты - бүтүрүүчү студенттерге кесиптик багыт берүү, жогорку билим алуу жолдорун көрсөтүү жана англис тили профили боюнча келечектеги мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу болуп саналат. Жолугушуу учурунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультети жана чет (англис) тили профилинде билим алуунун артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү, окуу багыттары жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берилди. Студенттер өздөрү кызыктырган суроолорду берип, кеңири жооп алышты. Бүтүрүүчүлөргө маалымат баракчалары таратылып, кеңештер берилди.