1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

67

Бүтүрүүчү, чечүүчү кадамың ЖАМУда болсун

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетине караштуу англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Г.А.Жороева, Н.Э.Арсланбекова, М.М.Төрөмаматовалар  тарабынан Жалал-Абад шаарындагы №25 М.Төрөмаматов,  10 Т.Кошматов, Сузак райондорундагы №10 Көгарт  жалпы билим берүүчү орто мектептерде жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуу учурунда бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларга кабыл алуунун айрым өзгөрүүлөрү боюнча маалымат берилди. Аталган жогорку окуу жайда инновациялык методдор менен жана заманбап технологиялык жабдуулар менен жогорку эл аралык даражадагы билим берүү программалар боюнча билим алаары айтылды.