1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

ЖАМУ- ааламга жол ачуучу билим ордосу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетине караштуу англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.О.Калмуратова, Н.А.Жумабекова тарабынан Жалал-Абад шаарындагы №18 Манас-1000 Сузак райондорундагы № 50 Тайгараев, №109 К.Осмоноалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде жолугушуулар өткөрүлдү. Иш-чаралар 2025-жылдын май айында уюштурулуп, бүтүрүүчү класстын окуучуларына университет жана кафедра тууралуу кеңири маалымат берилди. Жолугушуулар бүтүрүүчүлөргө туура кесиптик багыт берүү, жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөдү. Азыркы санариптик жана технологиялар өнүккөн заманда англис тилинин ролу маанилүү жана пайдалуу экендиги баяндалды.