1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

Кесиптик-базалык практика - жумуш ордунда окутуунун натыйжалуу формасы

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасы кесиптик-базалык практиканы уюштуруу аркылуу студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип келет. Бул алкакта кафедранын окутуучулары — улук окутуучу Гулбара Жороева жана окутуучу Айгүл Мамбеталиева Жалал-Абад шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине барып, жумуш ордунда окутуу максатында бул мектепте кесиптик-базалык практикада жүргөн студенттерге окутуунун эффективдүү усулдары, тиркемелер, сабактарга анализ жазуу жана практика учурундагы кыйынчылыктар тууралуу усулдук кеңеш берүү максатында кезектеги иш-чараны өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Г. Жороева "Case Method" боюнча практикалык сабак өтүп, 10-класстын окуучуларына жана практика өтөп жаткан студенттерге жандуу мисалдар аркылуу талдоонун, пикир алмашуунун жана проблемаларды чечүүнүн ыкмаларын көрсөттү. Ал эми А. Мамбеталиева заманбап сабакта колдонулуучу санариптик тиркемелер тууралуу өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, аларды сабакка интеграциялоо жолдорун сунуштады.

Бул иш-чара жумуш ордунда окутуунун маанисин дагы бир ирет тастыктап, студенттердин педагогикалык көндүмдөрүн калыптандырууга жана мугалимдик кесипке даярдыгын чыңдоого чоң өбөлгө түздү. Сабактардан кийин окутуучулар студент практиканттардын ой-пикирлерин угуп, студенттерге усулдук кеңештерди берип, окуу процессин эффективдүү жүргүзүү боюнча керектүү маалыматтарды сунушташты.

Жумуш ордунда окутуу бул студенттердин кесиптик көндүмдөрүн реалдуу шартта өнүктүрүүгө багытталган эффективдүү жолу. Ал келечектеги мугалимдердин чыгармачылык потенциалын ачып, билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташуунун пайдаларын көрсөтөт.