Мектеп окуучуларына чет (англис) тили профили боюнча кесипке багыт берүү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Керимбердиева, А.Мамбеталиева жана Н.Ташиева тарабынан Базар-Коргон районунуна караштуу №6 Б.Осмонов атындагы гимназия-мектеби, Ж.Бөкөнбаев атындагы жатак-гимназиясы, №1 А.С.Макаренко атындагы жалпы билим берүүчү мектеби, №3 З.М.Бабур атындагы орто мектептеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө жана Ноокен районундагы №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектеби, №2 С.Ногоева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби, №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү боюнча үгүт иштери жүргүзүлдү. Кесипке багыт берүү иштери учурунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУ жөнүндө, англис тили мугалими кесибинин өзгөчөлүктөрү, окуу багыттары жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берилди.