КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2025-жылы 18-апрелде 3-курстун студенттеринин кесиптик-базалык практикасынын алдындагы конференция өткөрүлдү. Конференцияга англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова, кафедрадагы практика жетекчилери жана 3-курстун студенттери катышышты. Конференцияда практика жетекчилери студенттерге практика тууралуу маалымат беришип, кесиптик-базалык практика учурунда “Англис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген теманын негизинде илим изилдөө иштерин жүргүзүү айтылды. Конференция суроо, жооптор менен коштолду.