1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Жумуш ордунда  окутуу уланууда

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Б.Мамбеталиева жана Ы.А.Исабаева  жумуш ордунда окутуу боюнча Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы жалпы орто  билим берүүчү мектебинде ЧТк-2-24 тайпасына  англис тилинин практикалык грамматикасы дисциплинасынан  “Nouns and noun phrases” деген темада  сабак өтүштү. Студенттер окуучулар менен биргеликте тема боюнча сүйлөм түзүшүп, көнүгүүлөрдү иштешти.    

Ошондой эле ушул мектепте иштеген англис тили боюнча мугалими Сюита Урматаева англис тили боюнча китептер, календардык планды түзүү,  план конспектини жазуу боюнча маалымат берди. Жумуш ордунда  окутуу студенттерге окуучулар менен жакындан карым-катнаш жасап, биргеликте көнүүгүүлөрдү иштешүүгө, студенттердин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн калыптандырууга, алгачкы иш тажрыйбасын алууга мүмкүндүк берди.