Жумуш ордунда окутуу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Б.Мамбеталиева жана Ы.А.Исабаева ЧТк-2-22 тайпасы менен жумуш ордунда окутуу боюнча Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде болушту. Студенттер Урматаева Сюита эжекенин календардык планы жана сабакка жазылган планы менен таанышышты. Англис тилинин жасалгалоосуна көнүл бурушту. Жумуш ордунда окутуу оозеки кептин практикуму дисциплинасынан “Vocabulary on Reading 1” темасында өтүлдү. Студенттер кичи тайпаларга бөлунуп, текстеги жаңы сөздөрдун маанилерин таап, текст талкууланды. Жумуш ордунда окутуу студенттерге чеберчиликти, кесиптик билимди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, мектеп базасында иштөө тажрыйбасына ээ болууга, иш тажрыйбасын алууга мүмкүндүк берди.