8-март кыз-келиндердин эл аралык майрамына карата куратордук саат

2025-жылдын 6-мартында филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти ф.и.к. Г.А.Орозбаева Чтк-2-22 тайпасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты 2025-жылдын 5-февралында бекитилген Жалал-Абад облусу боюнча энелердин жана ымыркай балдардын өлүмүн алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында берилген №5 тескеменин негизинде жана 8-март Кыз-келиндердин Эл аралык майрамына карата куратордук саат өткөрдү. Куратордук саатта видеоролик жана ага карата сахналаштырылган көрүнүш коюлду. Энелердин жана ымыркай балдардын өлүмүнө алып келген бир нече себептери талкууланып, аларды алдын алуу шарттарын түзүп, элдин арасында туура жана жеткиликтүү маалыматтарды жеткирип, түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүп туруу эскертилди. Куратордук саат кыз-келиндердин Эл аралык майрамын куттуктоо менен аяктады.