Кургак учукту алдын алуу

Кургак учук оорусуна каршы күрөшүү боюнча филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу З.Жолдошева тарабынан жолугушу уюштурулду. Жолугушууда Жалал-абад шаардык кургак учукка каршы курөшүү бөлүмүнүн башкы дарыгери, саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач-фтизиатр Мурсалиев Акрам Юлдашевич студенттерге “Кургак учукту алдын алуу” деген темада лекция окуду. Ал учуктун пайда болушу анын түрлөрү, кантип дарттын алдын алуу, кургак учук менен кимдер ооруп калышы мүмкүн жана кургак учукту кантип жуктуруп алышары, аны жокко чыгаруу үчүн кандай текшерүүдөн өтүү зарыл боюнча маалымат берди. Ар бир адам кургак учуктун белгилерин билүүгө жана алар пайда болгон учурда өпкөнүн кургак учугун жокко чыгаруу үчүн ошол замат жашаган жери боюнча медициналык кызматкерге кайрылууга тийиш экенин белгиледи. Эгерде кургак учук оорусу бар экендигин жашырса, оору жугуштуу түрүнө өтүшү мүмкүн, анда бейтап айланадагы адамдарга жана биринчи кезекте өзүнүн жакындарына жугузаарын билдирди. Лекциянын акырында студенттер тарабынан суроолор берилип, жооптор алынды.