Адабият дүйөнүсүн өзгөрткөн үндөр

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, Кыргыз Жараны концепциясын жайылтуу, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде КР жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасында 26-февраль күнү ЧТ-1-24 тайпасынын куратору, Эл агартуунун мыктысы, улук окутуучу Н.А. Жумабекова тарабынын “Эне тил - улут уңгусу” деген теманын алкагындагы “Адабият дүйөнүсүн өзгөрткөн үндөр” аттуу көп тилдүү жана маңыздуу кереге кеңеш иш-чарасы уюштурулду. “Элдин улуулугу анын тили менен маданиятында” деп кыргыз залкары Ч.Айтматов айткандай тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет.
Бул иш-чаранын актуалдуулугу дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орду бар афро-америкалык аял жазуучуларынын чыгармалары жөнүндө студенттердин кыргыз, орус жана англис тилдеринде кызыктуу жана маңыздуу баяндамаларды жана стенддерди жасап, слайддарды көрсөтүшү жана суроо-жооптор менен пикир алышышып, кереге кеңеш курушу. Ошондой эле Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышууга, өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, сабырдуулукту жана пикир алышууну чындайт.