1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

115

КААРМАНДАР СҮЙЛӨЙТ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын кафедра башчысы филол.и.к., доцент А.О.Калмуратованын демилгеси менен  кафедранын окутуучулары  тарабынан кафедранын студенттери үчүн Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Каармандар сүйлөйт" атуу улуу жазуучунун чыгармалары жана чыгармаларындагы каармандар боюнча сүрөт сынагы уюштурулду.

Сүрөт сынактын максаты - Ч.Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо, студенттердин улуу жазуучунун чыгармаларына кызыгуусун ойготуу жана таланттууларды шыктандыруу. Жыйынтыгында ЧТк-3-22 тайпасынын студенти Жумали кызы Гулида, Абдукаримова Гулзат, ЧТк-2-20 тайпасынан Адылова Мээрим грамота жана белектер менен, ал эми ЧТ-1-23, ЧТ-1-20, ЧТк-2-20, ЧТк-3-22 тайпалары грамоталар менен сыйланышты.