Эне тилим - мурасым

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин, англис тили жана адабияты кафедрасынын куратору Төрөмаматова М.М. ЧТ-1-22 тайпасы менен бирге 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилим - мурасым” аттуу адабий музыкалык кече өткөрүштү. Кече англис тилинде өткөрүлдү жана англис тилин даңазалоо иретинде англис жазуучуларынын ырлары окулуп, чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып айрыкча англис улуу классик жазуучусу У.Шекспирдин чыгармаларына басым жасалды. Ошондой эле кошумча англис элинин ырлары ырдалып, бийлери бийленди. Студенттер англис элинин салт санааларын чагылдырган көрүнүштөрдү аткарышты. Адабий-музыкалык кечеге кафедранын окутуучулары жана коноктор катышып ыраазычылык билдиришип, тайпа студенттерине жана кураторго чоң-чоң ийгиликтерди каалашып, мындан да жакшы кечелерди, ачык сааттарды өткөрүшөөрүнө ишенээрин билдиришти.