КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2024-жылы 24-декабрда 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова, кафедрадагы практика жетекчилери, мектептеги практика жетекчилери жана 4-курстун студенттери катышышты. Конференцияда студенттер кесиптик-профилдик практика боюнча отчет беришип, илимий иштери боюнча презентация жасашты. Студенттер кесиптик-профилдик практика учурунда “Англис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген илимий теманын негизинде илим изилдөө иштерин жүргүзүп келишти. ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова өз кезегинде илим изилдөө ишинин сапатына жана сабактарда колдонулган усулдарга токтолуп өттү. Практика жетекчилери өз кезегинде отчет беришип, студенттердин жыйынтык бааларын айтышты. Конференция суроо, жооптор менен коштолуп, практика боюнча сунуштар айтылды.