1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Илимий практикалык семинар өткөрүлдү

2.12.2024 филология факультетинде "Transforming teaching, inspiring generation" темасында илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Иш-чара англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Арсланбекова Насыйкат Эркинбаевна тарабынан уюштурулуп, факультеттин окутуучулары, шаарыбыздагы орто мектептердин мугалимдери, аспиранттар, магистранттар жана студенттер чакырылды. Илимий практикалык семинарда англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы,филология илимдеринин кандидаты,доцент А.О. Калмуратова "Магистрдик ишти жана илимий макалаларды жазуу жоболору" деген темада презентация жасап, аспиранттар жана магистранттар тарабынан берилген суроо-жооп менен коштолду. Иш чара катышуучуларга абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.