1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

72

Илимий кызыкчылыктардын мейкиндиги

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жарыяланган "Илим айынын" алкагында филология факультетинде англис тили жана адабияты кафедрасы тарабынан 28.11.2024. күнү “Илимий кызыкчылыктардын мейкиндиги: Чет тилдери жана маданияттар аралык байланыш” аттуу илимий практикалык конференция уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө университетибизде эмгектенген илимдин докторлору жана кандидаттары тарабынан куттуктоолор айтылып, студенттерге ийгиликтерди каалашты. Илимий практикалык конференцияда факультеттин студенттери тарабынан жогорку деңгээлде даярдалган илимий макалалар презентацияланып, илимий баяндамалар окулду. Жыйынтыгында мыкты илимий макала жана баяндама жасаган студенттер 1,2,3 даражадагы дипломдор менен сыйланып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилди.