Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл

2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-24 тайпасынын куратору Н.А.Жумабекова тарабынан ачык куратордук тарбиялык саат өткөрүлдү. Куратордук тарбиялык сааттын максаты студенттерге Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн тарыхын таанытуу, мекенчилдик сезимин арттыруу жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон тарыхый инсандарды даңазалоо. Студенттердин мекен алдындагы жоопкерчилигин арттыруу, патриоттук духта тарбиялоо. 1-курстун студенттери азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө тарыхый роль ойногон Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевдин өмүр баяны, саясий ишмердүүлүгү жөнүндө даярдалган кызыктуу докладтарды окушту жана талкуулар болду. Филология факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары Н.Э.Арсланбекова бүгүн биз кыргыздын ушундай уулдарынын талыкпаган эмгектерин унутпай, азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын элесин урматтоо ар бир жарандын ыйык парзы экенин белгиледи.