1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

44

КЫРГЫЗ АЛПТАРЫ ТЕМИР КАНАТ ИЛИМПОЗДОР КАЛЕМИНДЕ

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда илимге пайда келтирүү үчүн коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белигиленет. Майрамдын расмий жана толук аталышы - Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү. Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун англис тили жана адабияты кафедрасынын English Dram Club ийриминин жетекчилери Жумабекова Н., Арсланбекова Н. жана Нышанбай к. Б. “Кыргыз алптары темир канат илимпоздор калеминде” аттуу илимий кечени ийримдин мүчөлөрү менен уюштурушту. Мында кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн ата-бабаларыбыздын элибиз үчүн жасаган опол тоодой эмгектерин ЧТ-1-24 тайпасынын студенттери алгачкы илимий докладдарында жана макалаларында кызыктуу, мазмундуу жана көргөзмөлүү кылып айтып беришти.

Бүгүнкү илимий кечебиз илимий макала жазууга көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган максатына жетти деп ойлойбуз. Илимдеги жолуңар байсалдуу болсун жаш илимпздор! Кыргыз элинин сыймыктуу уул кыздарынан болуп, жемиштүү башталган илимий жана чыгармачылык ишиңер өркүндөп өсүп мамлекетибиздин керегине жараган илим инсандары болууңарга тилектешбиз!