Кыргыз тилим-өчпөс байлыгым
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-23 тайпасынын куратору Гүлбара Жороева тарабынан 1.11.2024-ж. “КРнын Мамлекеттик тил” жөнүндөгү мыйзамына ылайык Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата тайпа студенттери менен “Кыргыз тилим - өчпөс байлыгым” аттуу куратордук тарбиялык саат өткөрүлдү. Куратодук саат кыргыз тилин сактоо, сүйүү, урматтоо, анын кадыр-баркын көтөрүү, кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу жана патриоттук тарбия берүү максатында өткөрүлдү. Мамлекеттик тил майрамына арналган куратордук тарбиялык саат Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды. Студенттерге кыргыз тилинин тарыхый жолу, байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин жөнүндө видео көрсөтүлүп, доклад окулуп, кеңири маалымат берилди. Студенттер мамлекеттик тилдин баалуулугун, барктуулугун, ордун даңазалаган кыргыз тилиндеги ырларды көркөм окушуп, кыргыз тилди даңазалаган ырларды ырдашып, макал-лакаптарды чечмелеп айтып бере алышты. Шайлообек Дүйшеевдин тил жөнүндө ыры көркөм окулуп, дастан айтылды. Куратордук тарбиялык саат аркылуу студенттерге кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого түрткү берилди. Тилибизди, дилибизди унутпоого үндөп, тилдин өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.