Эне - үй-бүлөнүн жүрөгү, ата - үй-бүлөнүн тиреги
Б.Осмонов атындагы филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-24, ЧТк-2-24 тайпаларынын кураторлору Н.А.Жумабекова жана Н.А.Ташиева тарабынан “Эне - үй-бүлөнүн жүрөгү, ата - үй-бүлөнүн тиреги” деген аталышта ата-энелер чогулушу өткөрүлдү.
Чогулушта студенттердин катышуусу, жетишүүсү, коомдук тарбиялык иштердеги ийгиликтери, AVN порталы жана академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде келишим түзүлгөн окуу жайлар жөнүндө маалымат беришти. AVN порталындагы электрондук журнал, порталды кантип пайдалануу боюнча кеңири түшүнүк беришип, сабакка катышуу журналынын анализи чыгарылып, ар бир ата-энеге берилди.
Кафедранын башчысы, филол.и.к., доцент А.О.Калмуратова жана факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары К.И. Осмонова биринчи курстун студенттерине жана ата -энелерине ЖАМУнун тарыхы, этикалык кодекс жана ички эрежелери, уюлдук телефондорду колдонуу эрежелери, модулдук-рейтинг системасы, коомдук маданий иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти. “Ата –мекен, эне-нур” деген концерттик программа тартууланып, студенттер ата-энелерге арналган ыр, көркөм окуу, макал-лакаптар айтылды. Жыйындын аягында ата энелерди окуу корпусу менен тааныштырышты.