Кыргыз тилим — менин дилим
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-24 тайпасынын куратору Н.А.Ташиева тарабынан студенттердин арасында «Кыргыз тилим — менин дилим» аттуу дил баян жазуу ишин өткөрдү. Бул иш чарага кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Шерипбаев, кафедранын башчысы, филол.и.к., доцент А.О.Калмуратова жана профессордук окутуучулук курам катышты. Студенттер кыргыз тили боюнча жазган дил баянын окуп беришти, алардын дил баянынан эне тилибиз биздин кыргыз тили бай, көрөңгөлүү тил экени байкалды. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечен бөгөттөргө карабай, келечекти кездей улуу сөз кербенинен өзүнө татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге айлангандыгын белгилешти. Акырында кыргыз тили жан адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Шерипбаев “Улуттун келечеги — тилинде» демекчи эртеңки келечек үчүн Кыргызстандын ар бир жарааны мамлекетти сыйлап, анын тилин, маданиятын, тарыхын сактоого мекенчил болууга аракет кылып, кийинки муунга үлгү болушубуз керектигин билдирди. Ал эми англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы филол.и.к., доцент А.О.Калмуратова студенттерди майрамы менен куттуктуктап, башка тилди жандай жакшы көрсөк да, өз тилибизди сүйлөгөндөн жаңылбай жүрүшүбүз керектигин билдирди.