КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ЖАНА ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАЛАРДЫН АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2024-жылдын 25-сентябрында 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик жана 2-курс магистранттардын практикасынын алдындагы конференциясы өткөрүлдү.
Конференцияга филология факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.А.Асылбекова, кафедра башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова, англис тили жана адабияты кафедрасынын практика жетекчилери, 4-курстун студенттери жана 2-курстун магистранттары катышышты. Конференция учурунда студенттерди кызыктырган суроолорго декан, кафедра башчысы жана практика жетекчилери тарабынан жооптор алынып, маалымат берилди.