1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 месяца назад

199

2

Элибиздин өзөгү - эне тилинде                              

2024-жылдын 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата 23-сентябрда филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-24 тайпасынын куратору Н.А.Жумабекова тарабынан мамлекеттик тил күнүнө арналган “Элибиздин өзөгү-эне тилибиздеатуу адабий кече уюштурулду. Майрамдык салтанатта студенттер кыргыз тилин даңазалаган ырларды ырдашып, комузчулар күү чертишип,  кыргыз тили боюнча көркөм окулуп, чимирилип кыргыз бийин бийлешти.

Филология факультетинин деканы, филол.и.к., Ч.А. Асылбекова 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен катышуучуларды куттуктап, ааламдашуу доорунда, өздүгүбүздү аңдап, ата-тегибизге кайрылып, тилибизди, дилибизди заман талабына жараша шарттар менен сактап калуу башкы максат экенин белгиледи. Ал эми тайпанын куратору Н.А.Жумабекова эне тилди билүү ар бирибиз үчүн милдет, ал эми көп тил билүү бул – артыкчылык. Андыктан кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилдин өркүндөшүнө салым кошуу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети экенин белгиледи.