ИШ БЕРҮҮЧҮ, ЭКСПЕРТ ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2024-жылы 21-майда иш берүүчү, эксперт жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга филология факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.А.Асылбекова, Эл аралык заманбап университетинин англис филологиясы кафедрасынын башчысы Көкөнбай уулу Н., Сузак районундагы №112 жана №13 орто мектептердин директорлору Жолдошева З., жана Жусмаматова М., Сузак районундагы №90 орто мектептин англис тили мугалими Жантөрөева А., Жалал-Абад шаарындагы №3 орто мектептин англис тили мугалими Орозали кызы Э., жана кафедранын окутуучулары катышышты. Иш берүүчү, эксперт жана бүтүрүүчүлөр бакалавр жана магистратура академиялык даражаларынын окуу планын, НББП, бүтүрүүчүнүн моделин, практиканын жумушчу программаларын жана жол картасын талкуулашты. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолду.