КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫ АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2024-жылы 15-майда 3-курстун студенттеринин кесиптик-базалык практикасынын жыйынтыгы жана 1-курс магистранттардын илим изилдөө практикасынын алдындагы конференция өткөрүлдү. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнөн Н.С.Жолдошалиева, филология факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.А.Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова, кафедрадагы практика жетекчилери, 1-курс магистранттар жана 3-курстун студенттери катышышты. Конференцияда студенттер кесиптик-базалык практика боюнча отчет беришип, илимий иштери боюнча презентация жасашты. Студенттер кесиптик-базалык практика учурунда “Анлис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген илимий теманын негизинде илим изилдөө иштерин жүргүзүп келишти. ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнөн Н.С.Жолдошалиева өз кезегинде илим изилдөө ишин кантип жазуу керектиги боюнча маалымат берди. Практика жетекчилери өз кезегинде отчет беришип, студенттердин жыйынтык бааларын айтышты. Конференция суроо, жооптор менен коштолуп, практика боюнча сунуштар айтылды.