1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

20

Магистранттар мектептерде ачык сабактарды өткөрүп, педагогикалык тажрыйбаларын өркүндөтүштү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ФББ (АТ)маг-1-26 тайпасынын магистранттары кесиптик-базалык практикасынын алкагында өздөрүнө бөлүнгөн жалпы билим берүүчү мектептерде педагогикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүп, ачык сабактарды өтүштү.

Атап айтканда, магистрант Эмилбек кызы Айчүрөк Базар-Коргон районундагы №11 Алыкулов атындагы орто мектепте, ал эми Таалайбек кызы Нуриза Манас шаарындагы №9 Р. Санатбаев атындагы орто мектепте кесиптик-базалык практикасынан өтүштү.

Практиканын жүрүшүндө магистранттар окуу процессине активдүү катышып, англис тили боюнча ачык сабактарды заманбап педагогикалык технологияларды, интерактивдүү усулдарды жана ар түрдүү көргөзмө куралдарды колдонуу менен уюштурушту. Сабактарда окуучулардын кызыгуусун арттырууга, тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана окуу процессине активдүү катышуусун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

Практика жетекчиси, кафедранын улук окутуучусу Гүлбара Жороева магистранттардын ачык сабактарына катышып, сабактардын мазмунуна, методикалык уюштурулушуна, колдонулган окутуу технологияларына жана жетишилген натыйжаларга талдоо жүргүздү. Ошондой эле магистранттарга кесиптик чеберчилигин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган усулдук кеңештерин жана сунуштарын берди.

Мындай кесиптик-базалык практикалар магистранттардын теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга, педагогикалык компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө болгон даярдыгын бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.