1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

27

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы гуманизм жана адеп-ахлактык сабактар» аттуу темада илимий дискуссия өткөрүлдү.

2026-жылдын 26-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасында филология илимдеринин кандидаты, ЖАГУнун доценти Арсланбекова Насыйкат Эркинбаевна Тынчтык Корпусунун ыктыярчыларынын катышуусунда ЧТ-1-23 тайпасынын студенттери менен «Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы гуманизм жана адеп-ахлактык сабактар» аттуу темада илимий дискуссия өткөрдү. Жолугушуу мазмуундуу жана ачык маанайда өтүп, катышуучулар улуу жазуучунун чыгармалары эмнеге үйрөтөрүн талкуулашты, адамгерчиликтин, боорукердиктин жана руханий жоопкерчиликтин мааниси тууралуу пикир жана жүйөлөр менен алмашышты, ошондой эле анын прозасындагы гуманизм идеяларын түшүнүүнүн ар кандай өңүттөрүн салыштырышты.