Жемиштүү жумалык жыйынтыгы
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасында "Шекспирдин тили-дуйнөнүн тили" аттуу В. Шекспирдин 460 жылдык юбилейинин урматына уюштурулган англис тили жумалыгы жыйынтыкталды. Бул жумалыкка аталган кафедранын окутуучулук курамы жана студенттери чоң даярдыктар менен катышышты. Мында "English Drama Club" ийриминин мүчөлөрү каармандардын образдарын англис тилинде аткарышып, ырларды ырдашып, чимирилип бийлешип адабий кечелерди уюштурушту. Белгилүү жазуучу В. Шекспирдин өмүр жолун, тилин, чыгармачылыгын, театр жана пьесаларын, тарыхтагы опол тоодой ордун көркөм слайддар жана буклеттер, стенддер менен чагылдырышып, окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда кызыктуу жана креативдүү оюндарды уюштурушту жана жеңүүчүлөргө белектерди берищти. Ошондой эле илимий-практикалык конференция болуп, ага окутуучулар жана студенттер жаңы кызыктуу илимий макалаларын слайддар менен презентация кылышты. Жумалыкка активдүү катышкандарга сертификат, ардак грамоталар жана дипломдор менен сыйланышты.