Жаз жана эмгек майрамы
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-20 тайпасынын куратору, филол.и.к., доцент А.О.Калмуратова тарабынан 1-Май эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүнө карата “Жаз жана эмгек майрамы” аттуу ачык куратордук саат өткөрүлдү. Студенттер бул майрамдын тарыхына кайрылып, слайд көрсөтүшүп, тайпанын студенти С.Даткабекова тарабынан доклад окулду, ал эми Э.Маданбекова комузда кол ойнотуп, элдик күү чертип, Д.Кубатова Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан Толгонайдын монологун аткарды. Студенттер “Оп майда” насаат ырларын ырдашып, жаз жана эмгек жөнүндө макал-лакаптар айтылды. Бул майрам тынчтыктын, жаздын, эмгектин символу катары муундан муунга сакталып келе жатканын көрсөтүштү. Бул иш чарага факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Тайпанын куратору, доцент А.О.Калмуратова ар бирибиз ак ниет эмгегибиз менен үй-бүлөбүздү, өлкөбүздү чыңдаш керек экенин билдирди. Ал эми кафедранын улук окутуучусу Н.А.Жумабекова эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүн белгилөө менен элдин биримдиги чыңдалганын баса белгиледи.