1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

23

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасы 2026-жылдын 19-ноябрында «Кросс-маданий изилдөөлөрдө маданияттар аралык коммуникативдик компетенция (ICC) жана дискурсту критикалык анализдөө (CDA)» темасында илимий-практикалык семинар өткөрдү.

 Иш-чарага ЖАМУнун магистранттары, профессордук-окутуучулук курамы жана АКШдан келген магистранттар-изилдөөчүлөр катышты. Семинар англис тилинде өткөрүлдү, зарыл учурларда кыргыз жана орус тилдеринде илимий комментарийлер берилди жана заманбап лингвокультурология жана социолингвистика жаатындагы изилдөө компетенцияларды тереңдетүүгө жана Кыргызстан менен АКШнын жаш изилдөөчүлөрүнүн ортосунда академиялык тажрыйба алмашуу үчүн интерактивдүү аянтча түзүүгө багытталган. Анын милдеттери: ICCнин алдыңкы теориялык моделдерин талдоо; медиа жана академиялык тексттердеги жашыруун маданий идеологияларды жана стереотиптерди ачуу үчүн CDA методологияларын практикада колдонуу; кыргыз элинин көчмөн мурасын жана улуттук баалуулуктарын глобалдык англис тилдүү илимий дискурста так интерпретациялоо стратегияларын иштеп чыгуу. Семинар расмий ачылыш, куттуктоолор жана катышуучуларды тааныштыруу менен башталды, андан соң АКШлык магистранттардын илимий баяндамалары (Keynote Speeches) угулду. Алардын негизинде академиялык дискуссия жана суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, негизги талкуу темасы «Кыргыз маданий мурасын эл аралык англис тилдүү медиада чагылдырууну анализдөөдө CDA методологияларын кантип натыйжалуу колдонууга болот?» деген маселени камтыды. Андан ары аралаш фокус-топтор форматындагы практикалык воркшоп өткөрүлдү. Акырында модератор корутундусу менен чыгып, семинардын натыйжалары бааланды, катышуу сертификаттары тапшырылды жана эстеликке сүрөткө түшүү менен иш-чара жыйынтыкталды.