1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

11

Филология институтунун окутуучусу Сарыбаева А.А. Жалал-Абад УТРКсынын телеберүүсүнө катышты

2026-жылдын 10-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Сарыбаева А.А. Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын (УТРК) «Конок» программасына катышты.

Телеберүү Жаштар күнүнө карата уюштурулуп, анда жаштардын, анын ичинде билим берүү тармагында эмгектенип жаткан жаш адистердин кесиптик ишмердүүлүгү жана ар тараптуу кызыгуулары негизги тема катары талкууланды.

Программанын жүрүшүндө педагогикалык ишмердүүлүк, англис тилин окутуунун өзгөчөлүктөрү, студенттер менен өз ара мамиле түзүү жана заманбап билим берүү процессиндеги окутуучунун орду тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, кесиптик ишмердүүлүктөн тышкаркы жеке кызыгуулары жана чыгармачылык менен байланышкан хоббилери тууралуу да пикир алмашуу болду.

Бул телеберүүгө катышуу университеттин жаш адистерин коомчулукка таанытуу, алардын кесиптик кызыкчылыктарын, инсандык дараметин жана аймактын билим берүү жана маданий чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымын көрсөтүү багытындагы иш-чаралардын бири болду.