1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

28

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин 35 жылдыгына арналган тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

Тарбиялык иштин максаты: Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата студенттердин тарыхый билимин кеңейтүү, мекенчилдик сезимин калыптандыруу жана мамлекеттер аралык достук мамилелердин маанилүүлүгүн түшүндүрүү.

Иш-чарага ЧТк-4-24 жана ЧТк-2-24 тайпаларынын студенттери активдүү катышып, КМШнын түзүлүшү, анын максаттары жана мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташтыгы тууралуу маалыматтар менен таанышышты. Студенттер тарабынан кызыктуу баяндамалар, маалыматтар жана талкуулар уюштурулуп, темага байланыштуу суроо-жооптор өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер достук, ынтымак, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык сыяктуу баалуулуктардын коомдогу маанисине өзгөчө көңүл бурушту. Бул тарбиялык иш-чара ЧТк-4-24 жана ЧТк-2-24 тайпаларынын кураторлору Абдыкалыкова Ч.К. жана Ташиева Н.А. тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер өздөрүнүн тарыхый жана коомдук-саясий билимдерин тереңдетип, элдердин ортосундагы достук жана ынтымакты сактоонун маанилүүлүгү тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтишти. Аталган иш-чара коюлган максатына жетти.