1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

46

«ТИПОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ТАРЫХЫ» АТТУУ ИНТЕРАКТИВДҮҮ САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 17-ноябрында илим айынын алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Жумабекова Насиба Акимжановна тарабынан ЧТ-1-23, ЧТк-2-23 жана ЧТк-3-23 тайпаларынын студенттери үчүн интерактивдүү сабак уюштурулду.

Сабактын негизги максаты – тилдик типологиянын калыптанышы жана өнүгүү тарыхы, анын негизги илимий багыттарын, типологиялык изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу-лингвисттердин илимий мурастарын үйрөнүү, ошондой эле генеалогиялык жана түзүмдүк-типологиялык классификациялардын өзгөчөлүктөрүн аныктоо болду.

Окуу процесси заманбап педагогикалык технологиялардын бири болгон 5E окутуу модели (Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate) негизинде уюштурулду. Аталган модель студенттердин окуу процессине активдүү катышуусуна, өз алдынча изденүүсүнө, сынчыл ой жүгүртүүсүнө жана алган теориялык билимдерин практикада колдонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Сабактын жүрүшүндө студенттер тилдик типологиянын тарыхый өнүгүү этаптары, анын илимий негиздери жана белгилүү окумуштуулардын типология илимине кошкон салымдары менен таанышышты. Ошондой эле англис жана кыргыз тилдеринин морфологиялык түзүлүшүнө, грамматикалык өзгөчөлүктөрүнө жана синтаксистик системасына салыштырма-типологиялык талдоо жүргүзүштү.

Айрыкча эки тилдин ортосундагы окшоштуктарды жана айырмачылыктарды аныктоо, тилдик универсалийлерди жана улуттук тилдик өзгөчөлүктөрдү салыштырып изилдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Окуу процессинде топтук иштер, интерактивдүү талкуулар, изилдөө тапшырмалары, презентациялар, салыштырма талдоо жана практикалык көнүгүүлөр кеңири колдонулду. Мындай ишмердүүлүктөр студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн, илимий изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн, академиялык баарлашуу маданиятын жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Теориялык билимдердин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырылышы студенттерге өздөштүргөн маалыматтарын тереңдетүүгө, системалаштырууга жана конкреттүү лингвистикалык мисалдардын негизинде колдонууга мүмкүнчүлүк берди.

Өткөрүлгөн сабак студенттерге багытталган жана изилдөөгө негизделген окутуу ыкмаларынын натыйжалуулугун көрсөтүү менен бирге, келечектеги чет тил адистерин даярдоодо салыштырма типология дисциплинасынын илимий-практикалык маанисин дагы бир жолу тастыктады.

Билим берүү процессине заманбап педагогикалык технологияларды, интерактивдүү окутуу ыкмаларын жана илимий-изилдөө иштерин интеграциялоо – жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун, студенттердин академиялык маданиятын калыптандыруунун жана атаандаштыкка жөндөмдүү, кесиптик жана илимий компетенцияларга ээ болгон адистерди даярдоонун маанилүү шарттарынын бири.