АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2024-жылы 19-апрелде 2-курстун студенттеринин адаптациялык-педагогикалык практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияга филология факультетинин деканынын м.а., филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.А.Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова, кафедрадагы практика жетекчилери жана 2-курстун студенттери катышышты. Конференцияда практика жетекчилери жана студенттер практика боюнча отчет беришип, адаптациялык-педагогикалык практика учурунда “Анuлис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген теманын негизинде жүргүзгөн илим изилдөө иштери тууралуу презентация жасашты. Студенттерге практика жетекчилери тарабынан жыйынтык баалары айтылды. Конференция суроо, жооптор менен коштолду.