1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

152

1

ОшМПУдагы мобилдүүлүк

Педагогика илиминин доктору, профессор Сайипжамал Салайдиновна Сакиева ОшМПУнун музыкалык-педагогикалык факультетинин 3-курстарына  “Башталгыч класста адабий окууга үйрөтүүнүн методикасы” предметинен  “Окуу жана түшүнүү технологиясы” боюнча конок лекция окуду. Учурда кенже мектеп жашындагы  балдарга окуу жана түшүнүү технологиясы менен иштөө, алардын жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Билим берүүдөгү бул проблема актуалдуу болуп, алар менен иштөөдө келечектин мугалимине изденүүнү көп талап кылаары да баса белгиленди. Башталгыч класстын мугалими болууда бул проблеманы ишке ашыруу абдан маанилүү проблема катары окутуунун методикасында каралып келет.  Бул проблеманы ишке ашыруу, кадрларды даярдоо окумуштуу өзү даярдап, жетекчилик кылып жаткан илимий мектебинин маалыматын да кошуп кетти. Окуу жана түшүнүү проблемасына арналган учурда  ЖАМУда, ОшМУда, ОшМПУда, ОшКУМУдагы аспиранттар менен биргеликте иш жүргүзүлүп, биргеликте иштеп жаткандыгына да токтолду. Башталгыч билим берүүдө окууну  жана түшүнүүнү балдарга үйрөтүү  дайыма актуалдуу экендигин баса белгиледи. Аягында студенттердин суроолоруна жооп берилди. Иш-чара максатына жетти.