1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

51

ЖОЛДУБАЙ КАЙЫПОВ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ЖАРКЫН ЖЫЛДЫЗЫ

2026-жылдын 25-26-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданият үйүндө КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер, белгилүү алтын үндүү диктор, залкар талант, композитор Жолдубай Кайыповдун 80 жылдык мааракесине карата салтанатту жыйын болуп өттү. Ал жыйын 2 күндүк программа менен бекилип, ага атайын чакыруу менен Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун доценти К.М. Ураимов барып катышып келди. Андан башка кыргызстандын булуң-бурчтарынан келишкен элибиздин залкар инсандары, окумуштуулар, тележурналисттер, искуссто таануучулар, талантты сүйүүчүлөр жана эл менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Алгач Ж. Кайыповдун киндик каны тамган “Жаны күч” айылына барып, ал жердеги № 3 Ж. Кайыпов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби менен таанышып, мектеп жетекчилигине атайын даярдалган белектер тапшырылды. Андан соң таланттын күмбөзүнө куран окуп, үй музейи менен таанышып, Кошой-Коргон, Чеш-Дөбө сыяктуу тарыхый мааниси зор касиеттүү жайларга жүрүш жасалды.Таланттуу инсандын бейнесине арналган салтанаттуу кечени жергиликтүү таланттар анын обондуу чыгармаларын жогорку чеберчиликте, адабий-драмалык формада ачып беришти. Андан соң Б. Осмонов атындагы ЖАМУ илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин доценти, п.и.к. К. Ураимов улуу залкардын чыгармачылыгы жөнүндө “Ж.Кайыпов- кыргыз маданиятынын жылдызы” деген аталышта илимий баяндама жасап, Ж. Кайыповдун чыгармаларын, ишмердүүлүгүн, инсандык сапаттарын ар тараптуу изилдөө мезгил талабы экендигин, анын кыргыз маданиятында эле эмес, искусствосунда, телевидениесинде өзгөчөлөнгөн орду бар экендигин, кийинки муунга жеткирүүнүн жол жобосун илимий жактан изилдөө зарылдыгын белгилеп кетти. Илимий баяндаманын аягында ЖАМУнун ректорунун куттуктоо-ыраазычылык катын Ат-Башы райондук администрациясынын башчысы-аким М.Н. Шербаевге тапшырып, автордун “Атам менен энеме” чыгармасын аткарып берди. Замандаштары: профессор Б. Мамбеталиев, КРнын Эл артисти Т.Казаков, бирге иштешкен, диктор, КРнын эмгек синирген ишмери Г. Молдоева, КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер, төкмө акын А. Кутманалиев, КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер, ырчы Т. Асаналиев, иниси, экс губернатор А. Кайыпов, кызы А. Кайыпова, КРнын Президентинин Нарын облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Ж. Абакирова, Ат-Башы райондук администрациясынын башчысы-аким М.Н. Шербаев жана башкалар юбилярдын элесине тасирдүү эскерүүлөрдү баяндап кетишти. Жыйынтыгында бир ай бою өткөрүлүп келген конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Аталган иш-чара жогорку денгээлде уюштурулган. Элибиздин ушундай таланттары тарыхта жылдызы жанып тура берсин демекчибиз.