1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

П-1-23 тайпасында мониторинг иш-чарасы өткөрүлдү

Э. Үмөтов атындагы Педагогикалык институтунун Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасына караштуу 3-курстун П-1-23 тайпасынын студенттери арасында «Интеграцияланган “Айлана-чөйрө” курсун окутуунун методикасы» дисциплинасы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. 1-модулдун жыйынтыгы боюнча студенттердин бир бөлүгү ЛАЗда калгандыгына байланыштуу атайын консультациялык иш-чара уюштурулду. Консультациянын жүрүшүндө студенттерге предмет боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, тесттик суроолордун ар бир бөлүгү боюнча талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, темаларды тереңирээк өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты – студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу жана мындай көрүнүштөрдүн кийинки модулдарда кайталанышына жол бербөө болду. Натыйжада студенттер экинчи модулда аталган дисциплина боюнча ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп, экзамендик баалоодо негизинен «4» жана «5» деген бааларга жетишишти. Мониторинг жана консультациялык иш-чараларды Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу Шишкараева Ажар Козубаевна уюштуруп, студенттерге усулдук жана практикалык жардам көрсөттү. Ошентип, жүргүзүлгөн консультациялык жана түшүндүрүү иштери өз максатына жетип, студенттердин окуудагы жетишкендиктеринин жогорулашына оң таасирин тийгизди.