1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

 СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ИШТӨӨ, СТУДЕНТТЕРДИ ЧӨЙРӨГӨ АДАПТАЦИЯЛОО, АЛАРДЫН ТАРТИБИ, ТАЙПА БОЮНЧА САБАККА КАТЫШУУСУ ЖАНА ЖЕТИШҮҮСҮ БОЮНЧА АНАЛИЗ, МОНИТОРИНГ ЖАНА ОТЧЕТТОР

Э. Уметов атындагы Педагогикалык институттун П-1-23 академиялык тайпасынын студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу-жыйыны өткөрүлдү. Иш-чараны ф.и.к., доцент З. Калыбекова ачып берип, студенттердин окуу-тарбия процессиндеги жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу кеңири маалымат берди.Жыйындын жүрүшүндө студенттердин жогорку окуу жайындагы билим берүү чөйрөсүнө адаптацияланышы, тартип маселелери, сабактарга катышуу көрсөткүчтөрү жана окуудагы жетишкендиктери боюнча жүргүзүлгөн анализдер менен мониторингдин жыйынтыктары тааныштырылды.Ошондой эле студенттердин билим сапатын жогорулатуу, сабакка катышуусун жакшыртуу жана тарбиялык иштерди күчөтүү боюнча сунуштар айтылып, ата-энелер менен пикир алмашуу жүргүзүлдү. Ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, студенттердин билим алуусундагы жана тарбиясындагы өз ара кызматташтыктын мааниси белгиленди.Жыйын соңунда ата-энелерди окуу жай менен тыгыз байланышта болууга чакырып, студенттердин ийгиликтүү билим алышына биргелешип көмөк көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.