1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

29

ПРОФЕРЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы ЖАПКнын педагогика адистиги боюнча бүтүрүп жатышкан БКМк-01-03-04-05-24, БКМк-2-3-5-6-7, БКМб-2-23, БКМкэ-4-23 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу үчүн барышты. Жолугушуу учурунда бүтүрүүчүлөрдүн кызыктуу суроолоруна так жана жеткиликтүү жооптор берилди. Алардын окуу акысынын өлчөмү жана күндүзгү жана сырттан окуу формасы, анан да окуу процессинин мөөнөтү, окуу-техникалык базасы жөнүңдөгү суроолоруна кафедранын жамааты канааттандырарлык деңгээлде жоопторду беришти. Алсак бул иш-чарага барышкан ППОТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент М.Ж. Найманбаев 550700 Педагогика багытындагы башталгыч билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү адисигин даярдоого учурда түзүлгөн заманбап шарттарды белгилеп кетсе, п.и.к., доцент К.М. Ураимов бул кесипти эн туура тандашкандыгын, эми аны андан ары улантуу эн туура чечим болорун, ошондой эле өзүлөрү алгач тандаган окуу жайда кайрадан билим алууну улантуу ар бири үчүн пайдалуу жана натыйжалуу экендигин баса айтып кетти. Профессор С.С. Сакиева бул адистик үчүн мамлекет тарабынан да жакшы шарттар түзүлүп жатканын жана алардын эмгегин баалоого астейдил маани берилип жатканы да дал ушул учур талабы экендигин белгиледи. улук окутуучулар: А. Акматов, А. Шишкараевалар бул адистик боюнча таланттуу адистер жана окумуштуулар сабак берише турганын белгилешти. Кафедранын улук окутуучусу Н.Ш. Мокуева окуу процессинин мөөнөтү, окуу акысы жана студенттердин жатаканасы боюнча кеңири маалымат берип кетти. ЖАПКнын окутуучу курамы менен окуу планы жана окуу процессине тиешелүү стратегиялык пландар талкууанды. Ошол жерде иштеп жатышкан педагогика багыты боюнча ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн биздин иш-чарага келип катышканы бүтүрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Алар: С.Тобокелова, М.Мамбетова, М.Жолдошова, Н.Мамажунусова, Л.Пахирдиновалар. Алар да бул адистиктин түйшүктүү да, сыймыктуу да жемиштүү да экендигин баса белгилеп өтүштү. Бул адистик боюнча айтылган маалыматтарды тастыктоочу, атайын үгүт баракчалары таркатылып берилди. План боюнча белгиленген иш-чара өз максатына жетти.