1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

37

ЖАМУ - жаркын келечек

Б. Осмонов атындагында Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий билим берүү өндүрүштүк комплекси 27-апрель күнү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Ачык эшиктер күнү” иш-чарасын жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин туура тандоого багыт берүү, университеттин окуу шарттары, адистиктери жана студенттик жашоосу менен тааныштыруу болду.2026–2027-окуу жылына карата уюштурулган кесипке багыт берүү иш-чарасынын алкагында Э. Уметов атындагы педагогикалык институт тарабынан бир катар мазмундуу мастер-класстар өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп бүтүрүүчүлөрү активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. ППОТ кафедрасынын “Педагогика жана башталгыч билим берүү” багыты боюнча “Математикалык билим” темасында мастер-классты окутуучу Аданова Д.А. өткөрдү. Мастер-класстын жүрүшүндө башталгыч класстарда математиканы окутуунун заманбап ыкмалары, интерактивдүү тапшырмалар жана логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган усулдар көрсөтүлдү. Катышуучулар практикалык иштерге активдүү катышып, математика сабагын кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүнүн жолдору менен таанышышты. Иш-чара келечектеги абитуриенттер үчүн пайдалуу маалыматтарды берип, педагогикалык кесипке болгон кызыгууну арттырды. Ачык эшиктер күнү жылуу маанайда өтүп, окуучулар университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.