1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

36

Адаптациялык-педагогикалык практика ийгиликтүү жыйынтыкталды

ПМ-1-24 тайпасынын студенттери адаптациялык-педагогикалык практикадан өтүшүп, Манас шаарына караштуу №19 С.Иманалиев атындагы жана №21 Ж.Болотов атындагы мектептерге бөлүнүштү. Практиканын жүрүшүндө студенттер 12 жылдык жалпы билим берүү программасы менен таанышып, анын негизинде жүргүзүлүп жаткан окутуу процессине активдүү катышышты. Студенттер жаңы чыккан интеграцияланган окуу китептери, жумушчу дептерлер жана окуу-методикалык материалдар менен иш алып барышты. Ошондой эле 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системаларына байкоо жүргүзүп, алардын өзгөчөлүктөрүн жана айырмачылыктарын аныкташты. Жыйынтыктоочу конференциянын башталышында кафедра тарабынан практика боюнча жетекчи Шишкараева Ажар Козубаевна чыгып сүйлөп, практика боюнча буйрук менен кеңири тааныштырып өттү. Ал практика учурунда аткарылган иштерге токтолуп, студенттердин жоопкерчилиги жана кесиптик даярдыгы тууралуу маалымат берди. Практиканын жыйынтыктоочу конференциясында студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Конференциянын алкагында программада каралган слайддык баяндамалар сунушталды. Алардын катарында “Башталгыч класстын окуучуларынын коммуникативдик көндүмдөрүн калыптандыруу” аттуу темада Нурдинова Мээрим чыгып сүйлөп, илимий жетекчиси педагогика илимдеринин доктору, профессор Сакиева С.С. болду. Мындан тышкары, Кадыржанова Хайитхан практика боюнча отчеттук слайдын сунуштап, жетекчиси Мокуева Н.Ш. тарабынан кеңири маалымат берилди. Конференция учурунда студенттер тарабынан суроолор берилип, практика жетекчилери толук жоопторду жана пайдалуу сунуштарды айтышты. Жыйынтыгында конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, канаттандырарлык деңгээлде өттү.