- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
КӨП ТИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

2023-2024-окуу жылында көп тилдүү башталгыч класстын мугалимдерин даярдоо боюнча Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин П-1-23 тайпасынын студентери пилоттук тайпа катарында тандалган. Учурда CLIL ыкмасын колдонуу менен сабактар уюштурулуп, көп тилдүү башталгыч класстын мугалимдерин даярдоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Көп тилдүүлүк боюнча ОшМУ, ОшКӨЭАУнун координаторлору менен тегерек стол уюштурулду. Жолугушууга университеттин көп тилдүүлүк боюнча координатору, т.и.к.,доцент Маматова Г.Т., ОшМУнун координатору, п.и.к., доцент Т.А.Умаралиева, ОшКӨЭАУнин коорлинатору, ф.и.к., доцент А.К.Тентимишева кафедранын окутуучулары менен биргеликте көп тилдүүлүк программасы менен иштөө боюнча пикир алмашуулар болду. Көп тилдүү билим берүү боюнча окуу планынын, негизги билим берүү программасын, жол картасын түзүүдөгү проблемалар боюнча талкуу болду. Окутуучулар тарабынан ушул проблема боюнча методикалык жардам катарында окуу китептерин, окуу-методикалык пособиялар менен камсыз кылынса бир топ жакшы жардам экендигин белгилешти.